Москвада Ленин мавзолейи жабылат

Москвада Ленин мавзолейи жабылат. РИА Новости жазып чыккандай, бүгүнтөн тарта мавзолейге көрүүчүлөр киргизилбейт. Бул Россия ордо калаасындагы курчуп жаткан эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган чара.

 

Чектөөлөр 2021-жылдын 15-январына чейин күчүндө.