Токмок аймактык ооруканасынын жаңы төрөт бөлүмү ачылды

Токмок аймактык ооруканасынын жаңы төрөт бөлүмү ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, имараттын курулушу өткөн жылы башталган.

 

30 орундуу бөлүм бардык заманбап талаптарга жооп берет. Анда палаталардан тышкары, операция бөлмөсү, ымыркайлар үчүн жандандыруу бөлүмү жана медицина кызматкерлеринин бөлмөсү бар. Төрөт бөлүмүн курууга 57 миллион сом багытталды.