Улуттук банк кайрадан интервенция өткөрдү

Улуттук банк кайрадан интервенция өткөрдү. Бул ирет өлкөнүн башкы каржы мекемеси 1 миллион 600 миң доллар сатты. Бул ай башынан берки жетинчи каржылык операция болуп калды.

 

Доллар курсунун серпилүүсү 2 айдан бери уланууда. Бирок Улуттук банктын аракеттери жыйынтык бере элек. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 84 сомдон сатып алып, кайра 84 сом 80 тыйындан сатышууда.