Президенттикке 47 талапкер шайлоо фонддорун түзүп алды

Президенттикке 47 талапкер шайлоо фонддорун түзүп алды. Бирок 1 миллион сомго барабар шайлоо күрөөсүн бир нече адам эле тапшырды, — деп novosti.kg ге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.   Анын айтымында, талапкерлер каттоо аяктаганга чейин акчаны тапшырышы керек. Эске салсак, каттоо процесси 14-декабрга… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар Жаңы жылдан кийин ачылат

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар Жаңы жылдан кийин ачылат. Учурда Билим берүү министрлигинин иш тобу студенттер үчүн атайын алгоритм иштеп чыгууда. Андан тышкары, кайсы предметтерди салттуу негизде, кайсыларын аралыктан өтүүгө боло турганы чечилип жатат.   Өзгөчө көңүл Бишкектеги студенттерге бөлүнөт. Анткени, ордо калаада эпидемиологиялык абал дале… Кененирээк…

Адамдын организми шоколадды депрессияга каршы зат катары талап кылат

Адамдын организми шоколадды депрессияга каршы зат катары талап кылат. Аллерголог-иммунолог Анатолий Бала билдиргендей, таттууну сүйүп жегендердин тишине эле эмес, саламаттыгына да зыянын тийгизүү коркунучу бар. Шоколадды тоё жегиси келгендик адамдын организминде кайсы бир заттын жетишсиздигинен кабар берет. Ага катар шоколаддын курамында кофеин болгондуктан, ага көнүп… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 562 адам коронавирусту жеңип чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 562 адам коронавирусту жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандар Бишкекте 114, Ошто 16, Чүйдө 99, Ошто 48, Таласта 47, Нарында 11, Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда 109 жана Баткенде 68. Ушуну менен ковидди жеңип чыккандардын жалпы саны өлко боюнча 64 миң 711ге жетти.

Кыргызстандыктарга электр энергияны үнөмдөө сунушталат

Кыргызстандыктарга электр энергияны үнөмдөө сунушталат. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу аз. Учурда башкы резервуарда 13 миллиард 700 миллион кубометр суу бар. Былтыр ушул эле мөөнөттө көрсөткүч 16 миллиард 200 миллион кубометрди түзгөн. Суунун чыгымы ички керектөөлөргө ылайык… Кененирээк…

Ала-Тоо аянтындагы башкы балатыны орнотуу иштери дем алыш күндөрү аяктайт

Ала-Тоо аянтындагы башкы балатыны орнотуу иштери дем алыш күндөрү аяктайт. Мэриядан билдиришкендей, учурда “Тазалыктын” кызматкерлери кыш сулуусунун каркасын тургузуп жатышат. Анын узундугу 25 метрди түзөт. Андан кийин жасалгалоо башталат. Муниципалитеттен белгилешкендей, каражатты үнөмдөө максатында быйыл жаңы оюнчуктар сатылып алынбайт, мэриянын ишканасында иштелип чыккан былтыркы жана… Кененирээк…

Бишкектеги мектептер жаңы жылдан кийин ачылышы ыктымал

Бишкектеги мектептер жаңы жылдан кийин ачылышы ыктымал. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди. Анын айтымында, ордо калаада 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус азайган учурда мектептер үчүнчү чейректен баштап кадимки тартипте иштеп баштайт. Башкы дарыгер белгилегендей, Бишкектеги жеке билим берүү… Кененирээк…

Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку сот кримавторитеттин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Иш кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Эске салсак, 2017-жылы мурдагы өлкө башчы бийликке Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин президенттик укуктарынан ажыраган. Ал коррупцияга айыпталып,  учурда камакта.

Telegram мессенджеринде бир нече адам сүйлөшө турчу чалуулар пайда болот

Telegram мессенджеринде бир нече адам сүйлөшө турчу чалуулар пайда болот. Жаңы функция Android тиркемесинде Voice chat деп аталып тесттик версияда иштеп баштады. Топтук чалууну администратор уюштура алат. Биринчисинде топтогу бардык адам сүйлөй алса, экинчисинде бир гана администратор пикирин билдирет. Эске салсак, буга чейин Telegram аркылуу… Кененирээк…

Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаал бир аз турукташты

Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаал бир аз турукташты. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирет. Анын айтымында, суткасына 140ка чейин жаңы учурлар катталууда. Бул өтө көп дегенди билдирбейт. Вице-мэр белгилегендей, буга карабай бардык жарандар санитардык нормаларды сакташы керек. Учурда Бишкекте 24 миң 279 адам коронавируска кабылды.… Кененирээк…