Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты

Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Калаа бийлигинин маалыматына караганда, тиешелүү токтомго ылайык мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керек. Алсак, кире бериште фильтр орнотулуп, залды 20 мүнөт сайын желдетип туруу зарыл, социалдык аралык сакталып, жарандар беткапчан болуп, шахматтык негизде отурушу шарт. Белгилеп кетсек, ордо… Кененирээк…

Бүгүн футзал боюнча өлкө жеңүүчүсү аныкталат

Бүгүн футзал боюнча өлкө жеңүүчүсү аныкталат. Жыйынтыктоочу оюнда Бишкектин «Ал Халал» жана Ысык-Көлдүн «Мурас» командалары кездешет. Беттеш ордо калаадагы спорт залдардын биринде өтөт. Эске салсак, былтыр Бишкектин «Алга Дордой» клубу жеңүүчү аталган. Аталган команда «Строй-Мир» командасын 3:1 эсебинде утуп алган.

Дээрлик 700 жаранга азык-түлүк топтому берилди

Дээрлик 700 жаранга азык-түлүк топтому берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, жардам мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз жашаган карыларга, ата-энеси жок балдарга жана оор турмуштук жагдайга кабылган үй-бүлөлөргө таратылды.

Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн ноябрда 84 миллион 750 миң доллар сатты

Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн ноябрда 84 миллион 750 миң доллар сатты. Башкы каржы мекемесинин сайтында айтылгандай, акыркысы кечээ болуп, 16 миллион 100 миң доллар каржы рыногуна сатылды. Ушуну менен өткөн айда жалпысынан он бир ирет интервенция жүргүзүлдү. Белгилеп кетсек, акыркы эки айдан… Кененирээк…

Жаңы жылдык башкы балаты аймактарда да орнотула баштады

Жаңы жылдык башкы балаты аймактарда да орнотула баштады. Жакынкы күндөрү Каракол шаарынын борбордук аянтында кыш сулуусу пайда болот. Turmush басылмасы билдиргендей, учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери каркасты тургузуу менен алектенип жатат. Балатынын  бийиктиги 21 метрди түзөт. Ал 2017-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 миллион сомго сатылып алынган.

Жалал-Абад мэрин шайлоо 3-декабрда өтөт

Жалал-Абад мэрин шайлоо 3-декабрда өтөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жусупбек Бейшенбаев билдиргендей, учурда эки талапкер бар. Тиешелүү документтерди кабыл алуу 25-ноябрда токтотулду. Эске салсак, кечээ ошондой эле Кара-Балтага жаңы мэр дайындалды. Эми калааны Данияр Шакирбаев жетектейт. Аны 31 депутаттын 18и колдоду.

Жаш бала капысынан 3 миң жыл мурдагы уникалдуу артефакты таап алды

Жаш бала капысынан 3 миң жыл мурдагы уникалдуу артефакты таап алды. Temple Mount Sifting Project басылмасы билдиргендей, Иерусалимде 9 жаштагы Биньямин Милт тоодон кичинекей шуруну кезиктирген. Ал 4 каттан турат, ар биринде тегерек алтындар кадалган. Археологдун айтымында, шуру биздин заманга чейинки 950-586-жылдар аралыгына таандык болушу… Кененирээк…

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 5ке чейин Павлов, Шевченко, Пушкин, Табышалиев, Чүй, Турусбеков, Осмонкул, Жумабек, Щербаков, Орозбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Көк-Жар кичирайонунда, Ак-Босого, Арча-Бешик, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкекте жаңы жылга карата 3 балаты орнотулуп жатат

Бишкекте жаңы жылга карата 3 балаты орнотулуп жатат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, кеп, Ала-Тоо аянтында бийиктиги 25-метрди түзгөн, Ак үйдүн алдындагы 11 метрлик жана филармониянын алдындагы кыш сулуусу тууралуу болуп жатат. Учурда “Тазалык” ишканасынын 30 кызматкери каркастарды орнотуу менен алек. Иштер 3 күндө аяктап калат.… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте кинотеатрлар ачылат

Бүгүн Бишкекте кинотеатрлар ачылат. 24 агенттиги билдиргендей, кино үйлөрүнүн кызматкерлери ачылууга даярдык көрүштү. Алгач дээрлик бардык кинотеатрларда ата-мекендик тасмалар сатыкка чыгат. Андан кийин кезеги менен дүйнөлүк тасмалардын жаңы репертуарлары жана премьералары чоң экрандарга кайтып келет. Муну менен катар ар бир көрүүчүгө талап бар, алсак, залга… Кененирээк…