Кыргызстандыктарга электр энергияны үнөмдөө сунушталат

Кыргызстандыктарга электр энергияны үнөмдөө сунушталат.

“Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө Токтогул суу

сактагычында нымдуулуктун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу аз.

Учурда башкы резервуарда 13 миллиард 700 миллион кубометр суу бар.

Былтыр ушул эле мөөнөттө көрсөткүч 16 миллиард 200 миллион кубометрди түзгөн.

Суунун чыгымы ички керектөөлөргө ылайык болсо, кириши жаан-чачындан көз каранды.

Электриктер ишендиришкендей, калкты электр энергия менен камсыздоодо көйгөй жаралбайт,

бирок жарандарга энергоресурстарын үнөмдүү пайдалануу сунушталат.