Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт.
“Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 5ке чейин Павлов,
Шевченко, Пушкин, Табышалиев, Чүй, Турусбеков, Осмонкул, Жумабек, Щербаков,
Орозбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Көк-Жар кичирайонунда, Ак-Босого,
Арча-Бешик, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо конуштарында электр энергиясы жок болот.
Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.