Жаңы төрөлгөн балага Маркетинг ысымын ыйгарышты

Жаңы төрөлгөн балага Маркетинг ысымын ыйгарышты. Пенза шаарынын тургуну уулуна дал ушундай ат коюп, анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн дагы алды.  Маркетингдин атасы жергиликтүү креатив менеджери.   Ал кийин баласы мындай ат менен маркетинг жаатындагы каалаган жогорку окуу жайына сынаксыз кабыл алынып, бой жеткенде кыздар менен… Кененирээк…

Баткен облусунда 213 мектеп кадимки режимде иштеп жатат

Баткен облусунда 213 мектеп кадимки режимде иштеп жатат. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, аларда жалпысынан, 42 миңден ашык окуучу билим алууда. Буга чейин региондо 173 гана мектеп салттуу окутуу форматына өткөн.   Билим берүү мекемелеринин мониторингинен кийин, алардын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды.

Билим берүү министрлиги мектептерде кышкы каникулдарды жылдыруу демилгесин колдобойт

Билим берүү министрлиги мектептерде кышкы каникулдарды жылдыруу демилгесин колдобойт. 24 агенттигине ведомстводон айтып беришкендей, билим берүү процесси дистанциондук режимде дагы окуу планына жана программасына ылайык жүргүзүлөт.   Ар бирине эсептелген сааттар каралган. Андыктан, каникулдарды мөөнөтүнөн мурда баштоо мүмкүн эмес. Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары… Кененирээк…

Санэпидем көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборлоруна 19 санитардык унаа тапшырылды

Санэпидем көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборлоруна 19 санитардык унаа тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, техника өлкөнүн алыскы райондорундагы калкты тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.   Кызматкерлер ошондой эле, көчмө эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзө алат. Унаалар республиканын 18 райондорунда жайгашкан борборлорго тапшырылат.

Президенттикке 14 талапкер 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү

Президенттикке 14 талапкер 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Саат 11ге карата маалыматты БШКдан билдиришти. Комиссиянын басма-сөз кызматынан эске салышкандай, бүгүн талапкерлер күрөө төгүү жана кол коюлган барактарды тапшыруу үчүн акыркы күн.   Түн жарымга чейин аларды тапшырууга жетишпей калгандар жарыштан четтетилет. Эске салсак, өлкөнүн… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, 4-5-декабрда күтүлүп жаткан жана жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115 чакырым аралыгында кар көчкү түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр… Кененирээк…

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жаңы 19 тез жардам унаасы тапшырылды

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жаңы 19 тез жардам унаасы тапшырылды. Техникалар Дүйнөлүк банктын «COVID-19» долбоорунун алкагында сатылып алынды, дешти саламаттыкты сактоо министрлигинен. Эми тез жардам унаалары өлкөнүн аймактарына муктаждыкка жараша бөлүштүрүлөт

Президенттикке талапкерлер бүгүнтөн калбай шайлоо күрөөсүн төгүшү керек

Президенттикке талапкерлер бүгүнтөн калбай шайлоо күрөөсүн төгүшү керек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, комиссиянын эсебине которула турчу сумма 1 миллион сомду түзөт. Кабыл алуу түнкү саат 12де токтотулат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турчу президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. Өз кезегинде үгүттөө кампаниясы 15-декабрда… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 400 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 400 адам ковидди жеңип чыкты. Сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Ошко Чүй, Жалал-Абад облустарына туура келет, — деп билдиришти коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын саны 65 миң 589 адамга жетти.

Сасык тумоодон тез арыла турчу үч ыкма аталды

Сасык тумоодон тез арыла турчу үч ыкма аталды. Британиялык дарыгерлердин айтымында, биринчиси – тамакка себе турган спрей, бул микробдордон сактап, ооруна 3/1ге төмөндөтөт, кийинкиси эхинацея гүлү деп табылды. Үчүнчүдө С витаминин пайдалануу турат. Ага катар цитрус жемиштерин, калемпирди, брокколи, брюссель капустасын жана картошканы жесе да… Кененирээк…