Президенттикке талапкерлер бүгүнтөн калбай шайлоо күрөөсүн төгүшү керек.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, комиссиянын
эсебине которула турчу сумма 1 миллион сомду түзөт. Кабыл алуу түнкү саат 12де токтотулат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турчу президенттик шайлоо 10-январга белгиленди.
Өз кезегинде үгүттөө кампаниясы 15-декабрда старт алат.