Баткен облусунда 213 мектеп кадимки режимде иштеп жатат

Баткен облусунда 213 мектеп кадимки режимде иштеп жатат. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, аларда жалпысынан, 42 миңден ашык окуучу билим алууда. Буга чейин региондо 173 гана мектеп салттуу окутуу форматына өткөн.

 

Билим берүү мекемелеринин мониторингинен кийин, алардын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды.