Эртең Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер башталат. Алгачкысы ишемби, жекшемби күндөрү Ынтымак эс алуу багында өтөт. Андыктан, “Ден-соолук” жана “Ынтымак” эс алуу бактарынын ортосундагы жол тосулат.
Ошол жерде жарманке уюштурулмакчы. Иш-чара ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатын көздөйт.