АКШ бийлиги Фейсбукту сотко берди. Жүйөөсү – компания монополияга каршы мыйзамды бузду. Марк Цукербергдин компаниясы WhatsApp мессенжери менен Instagram социалдык тармагын мыйзамсыз сатып алган деп айыпталууда.
Ал эми Фейсбуктун жетекчилиги өздөрүнө каршы жазылган доо арызды талдап жатканын билдирди. Белгилей кетсек, Facebook компаниясы WhatsApp мессенжерин 2014-жылы, Instagram сервисин 2012-жылы сатып алган.