Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” түйүнүн иши бүгүн саат 11де жанданат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” түйүнүн иши бүгүн саат 11де жанданат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, кечээ Кытайдын демилгеси менен түйүн жабылды.

 

Андан транспорт каражаттары, адамдар жана жүк бүгүн күндүзгү саат 11ден тарта кайра өткөрүлө баштайт.