“Унаа” ишканасынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тарифтери төмөндөтүлдү
“Унаа” ишканасынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тарифтери төмөндөтүлдү. Тиешелүү тапшырманы Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктиги берген. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрү азыркы баага салыштырмалуу орточо эсеп менен 34 пайызга арзандатылат. Жаңы тарифтер 1-январдан тарта күчүнө кирет.