Германияда 23 поезд ак куу үчүн дээрлик 1 саатка кармалды

Германияда 23 поезд ак куу үчүн дээрлик 1 саатка кармалды.

РИА Новости билдиргендей, түгөйүн жоготкон канаттуу темир жолдун ортосуна отуруп алган.

Мындай окуя Кассель жана Геттинген шаарларын бириктирген темир жолдо болду.

Жардамга өрт өчүрүү кызматы келип канаттууну атайын жабдуу менен көтөрүп чыгышты.

Андан кийин ак куу Фульда дарыясына кое берилди.