Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн режимине өттү

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн режимине өттү. Жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктардын коопсуздугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 миң адиси коргойт.

 

Ведомстводон билдиришкендей, социалдык маанилүү объектилер өзгөчө козөмөлгө алынат. Адистердин маалыматына ылайык, жаңы жылдык майрамдарда өрт көп келип чыгат. Андыктан, коопсуздукту сактоо керек.