Кыргызстан жана Өзбекстан чектешкен аймакта кайрадан жер титиреди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Зилзала бүгүн таңда катталды.
Очогунда күчү 4 баллга жетти. Жердин силкинүүсү Ош шаарында жана Кара-Суу районундагы
4 айылда 4 баллга чейин сезилди. Алдын ала берилген маалымат боюнча,
жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок