2021-22-окуу жылына карата республикада 76 жогорку окуу жайы иштеп жатат

2021-22-окуу жылына карата республикада 76 жогорку окуу жайы иштеп жатат.

Алардын 33ү мамлекеттик болсо, калган 43ү жеке менчик. Бул тууралуу билим

берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Андан тышкары,

орто кесиптик билим берүүчү 151 колледж бар. Алардын 92си мамлекеттик,

калганы жеке менчик. Ошондой эле 99 кесиптик лицей бар. Анын бары

мамлекетке карайт. Белгилеп кетсек, 15-сентябрдан тартып өлкөдөгү

бардык билим берүү мекемелери оффлайн форматта билим бере баштады.