Бишкек мэриясы шаардык унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасын түзүү ниетинде

Бишкек мэриясы шаардык унаа токтотуучу жайлардын заманбап системасын түзүү ниетинде.

Муниципалитеттен билдиришкендей, унаа токтотмолор аппараттык-программалык заманбап

система менен жабдылат. Бул, адамдардын катышуусун азайтат. Бишкектеги бардык унаа

токтотуучу жайлар жана токтотмолор иретке келтирилет. Алгач, системаны иштеп чыгуу үчүн

атайын топ түзүлөт. Системаны биринчи кезекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларга,

көчөлөргө, базарларга, эс алуу жайларына жана эл көп чогулган жерлерге киргизүү пландалууда.