Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2,4 миллиард доллар которду

Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2,4 миллиард доллар которду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 2019-жылдагы каражаттын көлөмү менен салыштыра турган болсок, бул 1,2 пайызга же 29 миллион 700 миң долларга аз.

 

Адаттагыдай эле, которуулардын басымдуу бөлүгү Россиядан келет – 2 миллиард 325 миллион доллар.