Японияда түшүм жыйноого кол кабыш кылган робот чыгарылды

Японияда түшүм жыйноого кол кабыш кылган робот чыгарылды. Жергиликтүү ММКлар жазып чыккандай, дыйкан-робот гольф унаасына орнотулуп, атайын манипулятор менен камсыздалган.   Анын жардамы менен ал мөмө-жемиштерди чогулта алат. Ал жасалма интеллектти менен мөмөнүн бышканын аныктап коет.

Кыргызстанда дагы 151 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 151 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 54, Ошто 16, Чүйдө 49, Нарында 5, Ысык-Көлдө 19, Жалал-Абадда 7, Баткенде 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 80 миң 481ге жетти.

Джо Байден бүт чиновниктерди электр унааларына өткөрөт

Джо Байден бүт чиновниктерди электр унааларына өткөрөт. АКШнын жаңы президенти мамлекеттик унаа паркын электр энергиясы менен жүрө турган машинелерге алмаштыруу ниетин жарыялады. Башкысы, электр унаалар Америкада гана өндүрүлгөн болушу керек.   Ошондой эле, Байден 550 миң кубаттоочу станция куруу тапшырмасын берди. Коомдук тейлөө башкармалыгынын маалыматына… Кененирээк…

Садыр Жапаров өкмөт үйүндө отуруп иштейт

Кыргызстанда шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү өкмөт үйүндө даярдалды.   Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдиргендей, бүгүн, 28-январда инаугурациядан кийин президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Жапаровду иш бөлмөсү менен тааныштырат:   «Филармониядагы салтанат бүткөндөн кийин шайланган президент өкмөт… Кененирээк…

Иликтөө Бишкектин абасы кооптуу экенин көрсөтүүдө

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар 28-январда Бишкекте абанын сапатынын индекси (AQI) 471-495 болгонун көрсөттү.   Уюмдун маалыматына караганда, бул көрсөткүч аба өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Азыр Кыргызстандын борбору дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи орунга чыкты.   Ал эми Бишкектин… Кененирээк…

Бишкек тургундары шаардагы маселелер боюнча арыздарын атайын порталга жазса болот

Бишкек тургундары шаардагы маселелер боюнча арыздарын атайын порталга жазса болот. “Санарип технологияларынын борбору” ишканасынын башчысы Адилет Абыловдун айтымында, учурда портал тесттик режимде иштеп жатат.   Анда ошондой эле муниципалдык кызматтарды онлайн форматта алса болот.

Үйдүн жанында өскөн бак-дарактар депрессияны азайтууга жардам берет

Үйдүн жанында өскөн бак-дарактар депрессияны азайтууга жардам берет. Мындай тыянакка немис окумуштуулары келди.   Алар Лейпциг шаарынын 10 миң тургунуна изилдөө жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында үйүн бактар курчап тургандар депрессиядан арылуу үчүн  атайын дары ичпейт жана өздөрүн жакшы сезет.   Шаарды жашылдандыруу адамдардын психологиялык ден-соолугуна түздөн… Кененирээк…

Сот Абдил Сегизбаевди эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынды. Бүгүн, 27-январда анын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармалмай болду.   26-январда Башкы прокуратура УКМК менен Аскер прокуратурасынын… Кененирээк…

Америка тургуну кассирдин катасынан миллионер болду

Америка тургуну кассирдин катасынан миллионер болду. Аял 10 долларлык лотерея билеттерин сатып алып жатканда, сатуучу ага 20 долларлык билетти дагы кошуп берип койгон.   Дал ошол билет ага 1 миллион доллар алып келди. Аял уткан акчасынын бир бөлүгүн насыясын жабууга жумшаса, калганын пенсиясына катып коюуну… Кененирээк…