Джо Байден бүт чиновниктерди электр унааларына өткөрөт

Джо Байден бүт чиновниктерди электр унааларына өткөрөт. АКШнын жаңы президенти мамлекеттик унаа паркын электр энергиясы менен жүрө турган машинелерге алмаштыруу ниетин жарыялады. Башкысы, электр унаалар Америкада гана өндүрүлгөн болушу керек.

 

Ошондой эле, Байден 550 миң кубаттоочу станция куруу тапшырмасын берди. Коомдук тейлөө башкармалыгынын маалыматына ылайык, федералдык унааларды электр тогу менен жүргөн техникага алмаштыруу үчүн 20 миллиард доллар талап кылынат.