Ордо калаада 19 буу казан 1-октябрга чейин газга өткөрүлөт

Ордо калаада 19 буу казан 1-октябрга чейин газга өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, меморандум түзүлүп, документке кол коюлду. Анын алкагында, 15 мектептин жана 3 бала бакчанын от казандары көгүлтүр от менен иштеп баштайт. Мындай чара ордо калааны каптап жаткан түтүнгө байланыштуу. Белгилеп кетсек, «Бишкек жылуулук энерго»… Кененирээк…

Жалпы жарандык биометрикалык жаңы паспорттордун алгачкы 100 миң нускасы февралда келери күтүлүүдө

Жалпы жарандык биометрикалык жаңы паспорттордун алгачкы 100 миң нускасы февралда келери күтүлүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жаңы паспортто «атасынын аты» деген графа жарандын каалоосуна жараша толтурулат. Жаңы паспорт 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери менен корголот. Анда ошондой эле республика аймактарынын символдору камтылды. Эске салсак, Кыргызстандык… Кененирээк…

4-октябрда шайлоого катышкан бардык 16 партияга күрөө акысы берилет

4-октябрда шайлоого катышкан бардык 16 партияга күрөө акысы берилет. Бул тууралуу 24 агенттигине БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, комиссия шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарган эмес, андыктан, айрым саясий уюмдарга сумманы кайтарып бербей койгонго негиз жок. Партиялар Жогорку кеңеш шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, ага… Кененирээк…

Кыргызстан аэропортторунда жүргүнчү агымы дээрлик 2 эсе кыскарды

Кыргызстан аэропортторунда жүргүнчү агымы дээрлик 2 эсе кыскарды. “Манас” эл аралык аба-майданынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, кыскаруу 64 пайызды түздү.   Мындай начар көрсөткүчтүн себеби – коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр. Туруктуу каттамдар өткөн жылдын март айында киргизилип, жайга чейин такыр аткарылган жок.

Бишкектин деталдык пландаштыруусу мыйзамсыз деп табылды

Бишкектин деталдык пландаштыруусу мыйзамсыз деп табылды. Юрист Эрик Рыскулбековдун айтымында, ордо калаанын административдик соту жарандардын арызын канааттандырды.   Эске салсак, план 2019-жылы шаардык кеңеш депутаттары тарабынан түзүлгөн. Бишкектин бийлиги документ шаарды башаламан курулуштан коргон деген ишенимде болчу.   Бирок активисттер аны “жакшы иштелип чыккан эмес”… Кененирээк…

Конституциялык кеңеш Негизги мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна бекитти

Конституциялык кеңеш Негизги мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна бекитти. Кечээ жыйынтыктоочу отурум өттү, анда 42 катышуучу долбоорду колдосо, бирөө гана каршы чыкты.   Кеңештин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, документ жакынкы күндөрү депутаттардын кароосуна парламентке келип түшөт. Эске салсак, бул долбоорго ылайык, өлкөдө президенттин бийлиги күчөп,… Кененирээк…

Садыр Жапаров президент кызматына киришти

Садыр Жапаров президент кызматына киришти. Өлкө башчынын инаугурация салтанаты бүгүн Улуттук филармонияда өттү. Жаңы шайланган президент кыргыз элине ант берди. Садыр Жапаров белгилегендей, ал мамлекетти адилеттүү башкарып, адам укуктарын жана мыйзамды сактайт.   Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаровго президенттин күбөлүгүн жана штандартын тапшырды.

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатына Ысык-Көлдө даярданышат

Эртеңден тарта Кыргызстандын дзюдо чеберлери Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу өткөрүшөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.   Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата түзүлгөн календардык планына ылайык, ошондой эле Азия чемпионатына даярдануу максатында уюштурулууда.   «Окуу-машыгуу 2021-жылдын 29-январында… Кененирээк…

Улуттук банк быйыл алтын монеталардын дагы бир коллекциясын чыгарат

Быйыл Кыргызстандын Улуттук банкы алтындан коллекциялык монеталарды чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, жалпы 6 миң монета чыгаруу мерчемделип жатат. Анын жарымы баалуу металлдан жасалары айтылды. «2021-жылы «Тарыхый окуялар» сериясынан «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл» деп аталган алтын жана күмүш… Кененирээк…

Жалал-Абадда жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады. Жер титирөө кечээ, 27-январь күнү, катталган.   Ал Таш-Көмүр шаарында 2,5 балл, Аксы районунун Жыл-Көл, Кум айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча,… Кененирээк…