Кыргызстанда дагы 151 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 151 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 54, Ошто 16, Чүйдө 49, Нарында 5, Ысык-Көлдө 19, Жалал-Абадда 7, Баткенде 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 80 миң 481ге жетти.