Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат.
Анда Батыш Европанын фондундагы эмгектер тартууланды. Көргөзмөгө 80ден ашык живопись,
графика жана скульптура эмгектери коюлду. Алардын авторлору – Италиянын, Франциянын,
Германиянын жана Голландиянын XVI-XX кылымдар аралыгындагы искусство чеберлери.
Алар Алберт Дюрер, Эжен Делакруа, Ян-Баптист Ламбрехтс жана башкалар.