Республикалык бюджет чыгымынын дээрлик 42 пайызы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгына жумшалат

Республикалык бюджет чыгымынын дээрлик 42 пайызы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгына жумшалат.

Былтыркы жылга карата маалыматты каржы министрлигинен беришти. Ведомстводон белгилешкендей,

мамлекеттик кызматкерлердин окладына 62 миллион сом багытталды. Бул суммага негизги маяна жана

кошумча каражаттар, компенсациялар кирет. Ал эми соцфонд салымдары 7 миллион сомдон ашты.