Биометрикалык жалпы жарандык паспорттор ишке киргизилгенден кийин, Кыргызстан толук ушул документке өтөт

Биометрикалык жалпы жарандык паспорттор ишке киргизилгенден кийин, Кыргызстан толук ушул документке өтөт. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эгерде жарандын учурдагы жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү аяктап жатса, анда анын ордуна биометрикалык берилет. Бирок документтин мөөнөтү аяктай элек болсо, аны сөзсүз жаңыга алмаштыруу зарыл эмес. Алмаштырууну жаран биометрикалык… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын баасы жогорулады

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын баасы жогорулады. Эске салсак, былтыр пандемиядан улам команда бир да оюн өткөргөн эмес. Transfermarkt.de басылмасы жарыялагандай, учурда биздин команданын 29 спортчусу 5,5 миллион еврого бааланууда. Былтыр бул көрсөткүч 4 миллион евро болчу. Учурда эң кымбат форвард Валерий Кичин. Жыл ичинде… Кененирээк…

Быйыл Каракол шаарындагы Тыныстанов көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт

Быйыл Каракол шаарындагы Тыныстанов көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт. Novosti.kgге Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгнөн билдиришкендей, тилкедеги тротуар жана фасад бирдиктүү стилде жасалат. Көчөдөгү мыйзамсыз конструкциялар жана объектилер алынат. Учурда калаа мэриясы сметаны даярдады, эми шаардык кеңеш бюджетти бекитиши керек. Көчөнү оңдоо иштерине 40 миллион сом керектелет. Каражат… Кененирээк…

«Нарын» ресторанынын ордуна көп тармактуу борбор курулат

«Нарын» ресторанынын ордуна көп тармактуу борбор курулат. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирет. Анын айтымында,  аянтта мейманкана, соода борбору жана кеңселер пайда болот. Учурда объектилердин долбоорун түзүү жумуштары жүрүп жатат. Эске салсак, “Нарын” рестораны 2017-жылы түрттүрүлгөн. Ал жерге кытайлык инвесторлор 20… Кененирээк…

Бишкектин Сыдыгалиев көчөсүндөгү контейнерден чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектин Сыдыгалиев көчөсүндөгү контейнерден чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалын саат 12де толушу менен өчүрүлдү. Окуя болгон жерде 2 өчүрүү бригадасы иштеди. Тилсиз жоодон жабыр тарткандар катталган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бүгүн Бишкектеги абанын сапаты 4-орунга жайгашты

IQAir сайтынын маалыматына караганда, бүгүн, 29-январда саат 12:00гө карата Бишкек шаарындагы абанын булгануусу 211 AQI болуп жатат. Бул көрсөткүч аба ден соолукка зыян экенинен кабар берет. Саат 12:00гө карата дүйнөдөгү шаарлардын ичинен Бишкек шаары абанын сапаты жана атмосферасынын булганганы боюнча 4-орунга жайгашты. Абасы өтө булганган… Кененирээк…

Бишкекте быйыл сасык тумоологондор былтыркыдан 39 пайызга аз

Бишкекте сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылгандар былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда быйыл 39% аз. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл январь айында сасык тумоологон 3759 адам катталды, былтыр январда бул сан 9512 болчу. Былтыр бир жылда Бишкекте мындай диагноз 52 миң адамга коюлса,… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 162 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 162 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 69, Чүйдө 51, Ошто 4, Таласта 2, Нарында 6, Ысык-Көлдө 22, Жалал-Абадда 7, Баткенде 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 80 миң 643кө жетти.

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек-Ош, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Аталган трассаларда өтүүдө айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда

Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен комиссия түзүлгөн.   Ата-эненин камкордугу жок, ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдарын тактоо иштери жүрүп жатат.   Турмуштук оор кырдаалга же… Кененирээк…