Кыргызстанда январда көмүрдүн баасы кымбаттады

Кыргызстанда январда көмүрдүн баасы кымбаттады.   Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калк жашоочу аймактарында кара отундун наркына анализ жүргүздү. Ага ылайык, учурда бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу орто эсеп менен 74 сомго же 1,6 пайызга жогорулады.   Көмүрдүн эң кымбат сатылышы Исфана… Кененирээк…

Индия тургуну паспортун жоготуп алганы үчүн 18 жыл түрмөдө отурду

Индия тургуну паспортун жоготуп алганы үчүн 18 жыл түрмөдө отурду. Чет элдик ММКлар жазышкандай, Хасина Бегум  2003-жылы күйөөсүнүн туугандарын көрүү үчүн Пакистандын Лахор шаарына барган.   Бирок паспортун жоготуп алгандыгы үчүн аны Пакистан полициясы камакка алып, 18 жылга эркинен ажыраткан. 65 жаштагы аял эркиндикке чыгарылып, үйүнө… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уналууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уналууда. Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүнүн алкагында Манас проспектинде 58 жарнамалык такта алынды. Андан тышкары, Месароша көчөсүндө жана Ильмен туюк көчөсүндө соода күркөлөрү жок кылынды.   Алар уруксаат кагазы жок эле орнотулганы аныкталды. Бул жаатта иштер дагы улантылат.

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болот

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Чуңкур-Кыштак айылында курулуп жатат.   Ал 275 окуучуга чакталат. Мектепте окуу корпусу, ашкана, спорт зал каралган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 700 миң долларды түзөт. Курулушка каражатты… Кененирээк…

Курсан Асанов 26-мартка чейин камакка алынды

28-январда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 2021-жылдын 26-мартына чейин камакка алынганын райондук соттун маалымат кызматы кабарлады.   «Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 28-январындагы токтомуна ылайык, шектүү Курсан Асановго карата бөгөт… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту

28-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин, Эл аралык Түрк Академиясынын, ТүркПАнын, ТҮРКСОЙдун, Европа Бирлигинин, АӨСШКнын, ЖККУнун, КМШнын Аткаруу комитетинин, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилери… Кененирээк…

Казакстан карантин чараларын күчөтүүдө

Казакстандын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин шаардагы коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча мындан ары чектөө чаралары жөнүндө жаңы жарлыкка кол койду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, шаардагы соода жана көңүл ачуу борборлорунун, соода түйүндөрүнүн иш күндөрү саат 10:00дөн 20:00гө чейин… Кененирээк…

Абылгазиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бөгөт чарасын карады.   Райондук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, Абылгазиев 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.   Мурдагы өкмөт башчынын адвокаты Данияр Эркимбаев сот чечимине каршы жогорку… Кененирээк…