Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бөгөт чарасын карады.
Райондук соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, Абылгазиев 2021-жылдын 26-мартына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.
Мурдагы өкмөт башчынын адвокаты Данияр Эркимбаев сот чечимине каршы жогорку инстанцияга даттана турганын журналисттерге маалымдады.
Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган.