Кыргызстанда россиялык “Спутник-V” вакцинасы каттоого алынды

Кыргызстанда россиялык “Спутник-V” вакцинасы каттоого алынды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, эми препарат өлкө аймагында коронавируска каршы эмдөө каражаты катары расмий таанылды.   Эске салсак, Кыргызстанда эмдөө мартта башталат. Алгач вакцина медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана башка каалоочуларга мамлекеттин жана донорлордун эсебинен жасалат.… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечкиге чейин электр энергиясы Ахунбаев, Тоголок Молдо, Матросов, Жантөшов, Токтогул, Гоголь, Махатма Ганди көчөлөрүндө, 7-кичи райондо жана Ала-Тоо, Арча-Бешик, Ынтымак конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкек-Ош унаа жолунда буга чейин унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда буга чейин унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын   223-чакырымында көлөмү 11 миң кубометрге жеткен кар көчкү түшкөн.   Тазалоо иштерине атайын техника жана жолчулар тартылып, кечээ кечки саат 10до жол кыймылга ачылды. Куткаруучулар эске салышкандай, “Сосновка” жана… Кененирээк…

Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алынып баштады

Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алынып баштады. Декларацияны иш убактысында  тапшырууга жетишпей калгандар отчетту  кечки саат 6дан түн жарымга чейин тапшыра алат. Мындай режим эс алуу күндөрү дагы күчүндө.   Эске салсам, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ишканалар, дыйкан жана фермердик чарбалар, өлкө… Кененирээк…

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды. Садыр Жапаров кызматын өтөп бүткөн жоокерлерди запаска бошотуу жана альтернативалык кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.   Документке ылайык, 18 жашка толгон жана чакырууну кийинкиге калтыра албаган эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик… Кененирээк…

Никедеги бактылуулук адамдын генетикасына байланыштуу

Никедеги бактылуулук адамдын генетикасына байланыштуу. Мындай бүтүмгө келүү үчүн окумуштуулар 71 үй-бүлөнү иликтөөгө алышкан. Түгөйлөр үйлөнгөн маалда алардан ДНК анализ алып, генетикасынын кайсы түргө кирерин аныкташкан.   Андан соң үч жыл бою ар бир төрт ай сайын сурамжылоо жүргүзүп турушкан. Генетикасы СС деп аталган түргө… Кененирээк…