Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алынып баштады

Бирдиктүү салык декларациясы түн жарымга чейин кабыл алынып баштады. Декларацияны иш убактысында  тапшырууга жетишпей калгандар отчетту  кечки саат 6дан түн жарымга чейин тапшыра алат. Мындай режим эс алуу күндөрү дагы күчүндө.

 

Эске салсам, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ишканалар, дыйкан жана фермердик чарбалар, өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырышы керек.

 

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр тапшырат.