Telegram мессенджеринде жаңы функция пайда болот

Telegram мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Тагыраагы, эми жазышууларды автоматтык түрдө өчүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул кызматты кошкондон кийин чаттагы маалыматтар 24 саатын же 7 күндүн ичинде жок болуп кетет. Бирок колдонуучу мөөнөттү өзү тандайт. Ал эми тайпалар жана каналдардагы жазышууларды аккаунт администраторлору көзөмөлдөйт.

Ордо калаанын коммуналдык кызматтары аба-ырайынын шарттарына даярданышууда

Ордо калаанын коммуналдык кызматтары аба-ырайынын шарттарына даярданышууда. Бишкекте бүгүн кечинде катуу кар жаайт. Бейшембиге караган түнү абанын табы 12 градуска чейин төмөндөйт. Эртең күндүз суук аба-ырайы сакталат. Синоптиктер убадалашкандай -10 градуста кармалат. Шаардын чарба кызматкерлери унаалар өтө турган тилкелерге жана тротуарларга тайгактыкка каршы материалдарды себет.… Кененирээк…

Бишкекте Жукеев Пудовкин көчөсүн куруу иштери июль айында башталат

Бишкекте Жукеев Пудовкин көчөсүн куруу иштери июль айында башталат. novosti.kgге Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, учурда аталган тилкеде жылуулук тармактары оңдолууда. Иштер майда аяктайт. Анан кийин курулуш иштери старт алат. Трассанын узундугу 1 чакырым 200 метрди түзөт жана ал 6 тилкелүү… Кененирээк…

Садыр Жапаров алгачкы иш сапары менен Россияга кетти

Садыр Жапаров алгачкы иш сапары менен Россияга кетти. Анын жүрүшүндө өлкө башчы Владимир Путин менен сүйлөшүп, эки тараптуу маселелерди талкуулашат. Президентти коштоп жүргөн расмий делегациянын курамында президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана башка өкмөт мүчөлөрү бар. Буга чейин иш сапардын алкагында… Кененирээк…

Кыргызстанда жумушсуздук жогорулады

Кыргызстанда жумушсуздук жогорулады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен жумушу жок жарандардын саны 76 миң 700дү түздү. Муну  менен ишсиздердин саны бир жыл ичинде 0,7 пайызга өстү. Бош жүргөн жарандардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад жана Ошко туура келсе, азыраагы Нарында. Анын ортосунда жумушсуздардын… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси 1-апрелге чейин түзүлөт

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси 1-апрелге чейин түзүлөт. БШКдан билдиришкендей, ага биометрикалык маалыматын тапшырган жана жергиликтүү аймакка катталган 18 жаштагы, ошондой эле андан жогорку курактагы жарандар кирет. Жарандын каттоого алынган дареги менен паспорттогусу бир болушу шарт. Эске салсак, 448 жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Жакынкы 1 саат аралыгында Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал болот.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Куткаруучулар жарандарды сак болууга чакырып, унааларды бак-дарактардын, курулуштардын алдына токтотпоону сунуштайт.

Бишкек-Ош унаа жолунда аба-ырайынын шарттарына байланыштуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Ош унаа жолунда аба-ырайынын шарттарына байланыштуу чектөөлөр киргизилет.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн күндүзгү саат 3төн эртең мененки саат 8ге чейин тыгындардын жана авариялардын алдын алуу максатында Сосновка өткөрүү түйүнү аркылуу оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.   Жол инспекторлору айдоочуларга зарылчылык жок… Кененирээк…

Ош жана Нарында инфекциялык ооруканалардын курулушу дагы эле жыйынтыктала элек

Ош жана Нарында инфекциялык ооруканалардын курулушу дагы эле жыйынтыктала элек. Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.   Андан түшүндүрүшкөндөй, буга Социалдык өнөктөш фонду тарабынан каражат берилбей калганы себеп болду. Буга чейин объектилердин курулушу 89 пайызга жыйынтыкталды деп айтылган болчу. Оштогу оорукана 100 орунга… Кененирээк…

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск бир күндө 15 миллиард долларын жоготуп, дүйнөдөгү эң бай адам макамынан ажырады

Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск бир күндө     15 миллиард долларын жоготуп, дүйнөдөгү эң бай адам макамынан ажырады. Tesla’нын акцияларынын 8,6 пайызга кыйрашынан улам ишкердин байлыгы   183 миллиард долларга түшүп кетти. Буга ишкердин биткоиндин баасы боюнча берген комментарийи себеп болушу мүмкүн экени белгиленди.… Кененирээк…