Пакистанда TikTok тиркемесине тыюу салынды

Пакистанда TikTok тиркемесине тыюу салынды. Тиешелүү чечимди жергиликтүү сот чыгарды. Мындай арыз менен жергиликтүү тургун кайрылып, ал аталган социалдык тармактын контентине даттанган.

 

Эске салсак, өткөн жылы дагы Пакистанда Тиктокко тыюу салынып, бирок анда бөгөт чарасы 10 күнгө эле созулган.