Бишкекте дагы бир жашыл аймак пайда болот. Ал 7-апрель көчөсүндө көпүрөнүн жанында орун алат. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган аймак буга чейин жеке компанияга унаа токтотуучу жай алдына берилген. Эми “Бишкек жашыл чарбанын” кызматкерлери аймакты жашылдандырып жатат.
Авариялык абалдагы бак-дарактар кыйылып, алардын ордуна ак кайың тигилет.