Баткен облусунда аткезчилер атайын кызматтын өкүлдөрүнө каршылык көрсөттү

Баткен облусунда аткезчилер атайын кызматтын өкүлдөрүнө каршылык көрсөттү. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, окуя кечээ Самаркандек айылында катталды. 20дан ашык кыргызстандык курал колдонуу менен контрабандалык жүктү кармоого каршылык көрсөттү.

 

Жыйынтыгында комитеттин   2 кызматкери жабыркады, 6 жүк ташуучу унаадан экөөсү чек арадан өтүп кетүүгө үлгүрдү.

 

Окуянын башка катышуучулары кармалды. Жеринде ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө.