Президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында   22 документке кол коюлду

Президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында   22 документке кол коюлду. Алардын арасында өкмөттөр аралык кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу, аткезчиликке каршы чогуу күрөшүү, суу-энергетика жаатында, коргоо, коргонуу жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюча макулдашуулар бар.

 

Саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана маданият жаатында, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча түшүнүшүү меморандумдарына да кол коюлду. Белгилеп кетсек, Садыр Жапаров ушул тапта Өзбекстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт.