Улуттук банк март айындагы алгачкы интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк март айындагы алгачкы интервенциясын өткөрдү. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси эл аралык валюта рыногуна 30 миллион доллардан ашык сатты. Бул операция жыйынтыгын берди.

 

Америкалык валютаны сатып алуу  20 тыйынга арзандап 84 сом 50 тыйынга жетти. Кайра долларды ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 84 сом 90 тыйындан сатышууда.