18 жаштан жогорку кыргызстандыктардын 91 пайызы биометрикалык маалыматын тапшырды

18 жаштан жогорку кыргызстандыктардын 91 пайызы биометрикалык маалыматын тапшырды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, калкты каттоо борборунун көчмө түйүндөрү аркылуу 2,5 миң жаранга кызмат көрсөтүлдү.   Кыргызстандыктар биометрикалык маалыматын калкты тейлөө борборлорунда жана паспортизация бөлүмдөрүндө тапшыра алат.   Эске салсак, көчмө түйүндөр 3-марттан тарта жергиликтүү… Кененирээк…

Товарды милдеттүү түрдө маркировкалоо 1,5 айга жылдырылды

Товарды милдеттүү түрдө маркировкалоо 1,5 айга жылдырылды.   Бул тууралуу вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков жарыялады. Анын айтымында, маркировкалоо биздин өлкөдө ушул жылдын 1-апрелинде башталат деп пландалган.   Бирок россиялык оператор системаны киргизүүгө жетишпей калгандыктан, мөөнөт жылдырылды.   Чиновник белгилегендей, маркировкалоо процедурасы киргизилгенден кийин көмүскөдөгү экономиканын көлөмү… Кененирээк…

Кыргызстан аймагында катуу карантин чаралары киргизилбейт

Кыргызстан аймагында катуу карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, коронавирус боюнча азыркы статистика үчүнчү толкун катары эсептелбейт.   Абал толук көзөмөл алдында, — деди чиновник. Белгилеп кетсек, соңку күндөрү Кыргызстанда коронавируска кабылуу… Кененирээк…

Бишкекте кийинки жумада суук болот

Бишкекте кийинки жумада суук болот. Синоптиктер билдиришкендей, 29-марттан тартып, ордо калаада жана Чүй облусунда абанын табы кескин төмөндөп, түнкүсүн суук болуп, кар жаайт. Суук апрелдин алгачкы күндөрүндө да сакталат. Алдыдагы 2 күндө жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +25ге жетет. Бирок жумада таңдан баштап жаан башталат.

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, олимпиада Бишкек, Ош шаарларында, облустук борборлордо өтүп жатат. Ага экинчи этапта 1-2-орундарды алган дээрлик 2 миң окуучу катышууда.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы күнүнө эмес саат сайын өсүп жатат

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы күнүнө эмес саат сайын өсүп жатат. Жыл башынан бери күйүүчү материалга болгон баа 23 пайызга жогорулап, 92-үлгүдөгү бензин 47 сом 90 тыйынды түздү, 95-үлгүдөгү майдын наркы 48 сом 90 тыйынга жетти. Күйүүчү майдын кымбатташы бир катар факторлорго себеп. алсак, Россияда мунай… Кененирээк…

Айдоочуларга күйүүчү майды кантип үнөмдөө керектиги айтылды

Айдоочуларга күйүүчү майды кантип үнөмдөө керектиги айтылды. Россиялык авто эксперттердин айтымында, унаанын ичиндеги комфортту чектөө керек. Алсак, кондиционерди өчүрүү үнөмдөөнүн бир жолу. Адистер белгилешкендей, кыймылдаткычка аз күч келтирүү зарыл. Машине дароо бурулганда жана кескин токтоп же ылдамдык көтөрүлгөндө да кошумча энергия жумшалып, чыгымдоо механизми кадимкидей… Кененирээк…

Кыргызстанда болжол менен 3 миллион адам коронавируска каршы эмделет

Кыргызстанда болжол менен 3 миллион адам коронавируска каршы эмделет. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, вакцина ала турган адамдын дени сак болушу зарыл. Андыктан, жаран алгач сурамжылоодон жана медициналык кароодон өткөрүлөт. Пландалгандай эмдөө иштери быйыл ноябрга чейин аяктайт. Күтүлгөндөй, процедуралар ушул жумада башталат.

Кыргызстанда күйүүчү майдын литринин баасы 60 сомго жетиши мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майдын литринин баасы 60 сомго жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Мунай ташуучулар союзунун директору Заур Кипкеев билдирет. Анын айтымында, Кыргызстанда баанын өсүшүнө бир катар факторлор себеп, алсак, Россияда мунай өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы, ички рыноктогу күйүүчү майдын тартыштыгы жана сомдун долларга карата төмөндөшү. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бишкектеги Дордой жаңы конушунда бала бакча пайда болот

Бишкектеги Дордой жаңы конушунда бала бакча пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланды. Багыттала турчу сумма 48 миллион сомду түзөт, сумма шаардык бюджеттен бөлүнөт. Жаңы мектепке чейинки даярдоо мекемеси 6 тайпага чакталып, 140 орундуу болот. Имаратта музыкалык-гимнастикалык зал, ашкана, балдар ойноочу, уктоочу… Кененирээк…