Товарды милдеттүү түрдө маркировкалоо 1,5 айга жылдырылды.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков жарыялады. Анын айтымында, маркировкалоо биздин өлкөдө ушул жылдын 1-апрелинде башталат деп пландалган.
Бирок россиялык оператор системаны киргизүүгө жетишпей калгандыктан, мөөнөт жылдырылды.
Чиновник белгилегендей, маркировкалоо процедурасы киргизилгенден кийин көмүскөдөгү экономиканын көлөмү азаят.