Кыргызстанда дагы 65 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 65 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандар Бишкекте – 26, Чүйдө – 20, Ош, Жалал-Абад жана Нарында үчтөн, Ысык-Көлдө – 10. Ушуну менен өлкө боюнча ковидди жеңип чыккандардын жалпы саны 84 миң 339 адамга жетти.

Чехиянын 2 зоопаркына маймылдар үчүн Zoom программасы орнотулду

Чехиянын 2 зоопаркына маймылдарга видео чалууларды аткаруу үчүн Zoom программасы орнотулду. Бул жаныбарлар көрүүчүлөр жок маанайлары түшүп, аларга кызыксыз болбошу үчүн. Бул тууралуу жергиликтүү “Европульс” басылмасы билдирет. Жаңычылдык Брно жана Двура Кралове-над-Лабем шаарларындагы маймыл кармоочу жайларда сыноодон өттү. Эми шимпанзелер бири-биринин жашоосун чоң экрандан көрө… Кененирээк…

Дүйнөдө 100 миллиондон ашык адам коронавируска каршы кытайлык вакцина менен эмделди

Дүйнөдө 100 миллиондон ашык адам коронавируска каршы кытайлык вакцина менен эмделди. Кытайдын мамлекеттик кеңешинин ведомстволор аралык эпидемияга каршы тобунун маалыматына ылайык, өндүрүштүн көлөмү күндөн-күнгө жогорулап жатат. Ведомстволор аралык топтун берген баасы боюнча, Кытай вакцинасы практика жүзүндө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Вакцинанын ишке киргизилиши менен калктын иммунитети… Кененирээк…

Эмдөөгө даярданууга медициналык кызматкерлерге окутуу тренингдери башталды

Коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабына даярдануунун алкагында өлкө боюнча медициналык кызматкерлерге окутуу тренингдери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Эмдөө алгач Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда старт алат. Аталган жерлердеги үй-бүлөлүк медициналык борборлордо 9 түйүн ачылат. Андан кийин эмдөө пункттары башка… Кененирээк…

Нарын облусундагы жолдорду оңдоону жыйынтыктоого 4 миллион сом багытталат

Нарын облусундагы жолдорду оңдоону жыйынтыктоого 4 миллион сом багытталат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп, Ат-Башы районун борборундагы жана Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма трассасынын тилкеси тууралуу болуп жатат. Жол катмарын калыбына келтирүү иштери Бишкек – Нарын – Торугарт жолун курууда үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлөт.… Кененирээк…

Мамлекеттик карыз ар бир кыргызстандыкка 750,6 доллардан туура келет

Январдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ар бир кыргызстандыкка 750,6 доллардан туура келет. Бересе бир айда (дээрлик 4 долларга) 3,8 долларга көбөйдү, деп билдиришти Каржы министрлигинен. Маалыматка ылайык, быйыл 31-январга карата жалпы мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 954,11 миллион долларды түздү. Сумманын басымдуу бөлүгү тышкы, азыраагы… Кененирээк…

Казань циркиндеги пилдердин мушташы, машыктыруучуга болгон кызганычтан улам

Казань циркиндеги пилдердин мушташы, машыктыруучуга болгон кызганычтан улам. Ага дагы кошумча пилдер пандемия учурунда көрүүчүлөр менен жолукпай, обочолонуп калгандыктан көп адамды бир көрүүдө толкунданышы мүмкүн. Эске салсак, алп жаныбарлар көрсөтүп жаткан шоу учурунда бири-бирин түртүп, манеждин бортун курчап турган тосмодон ары чыгып кетишти. Алдыңкы катарда… Кененирээк…

Россиянын соода өкүлдөрү кийим-кечек, бут кийим жана аксессарлардын кымбатташы мүмкүн экенин эскертишет

Россиянын соода өкүлдөрү кийим-кечек, бут кийим жана аксессарлардын кымбатташы мүмкүн экенин эскертишет. Бирден бир себеби – кездемеге болгон баанын жогорулашы, — деп билдирет “КоммерсантЪ” басылмасы. Быйыл жыл башынан бери пахта 20-35 пайызга кымбаттаса, башка кездемелер 20 пайызга чейин наркын жогорулатты. Андан тышкары, сатуучулардын эмгек фондунун… Кененирээк…

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин телефон номерин алмаштырбашы керек

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин телефон номерин алмаштырбашы керек. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева түшүндүргөндөй, каттоо быйыл онлайн форматында жүрүп жатат. Процедура учурунда абитуриент жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн жеке байланыш номурун көрсөтөт, бул кирүүгө логин боло алат. Бүтүрүүчү ушул… Кененирээк…

Ордо каланын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Ордо каланын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 5ке чейин Кулиев, Павлов, Чымкент, Жумабек, Рыскулов көчөлөрүндө, Арча-Бешик жана Ак-Ордо конуштарында электр энергиясы жок болот. Электриктер турак жай ичиндеги тармактарды, зымдарды жана башка пландуу иштерди жүргүзүү менен алектенет.