Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы күнүнө эмес саат сайын өсүп жатат

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы күнүнө эмес саат сайын өсүп жатат.

Жыл башынан бери күйүүчү материалга болгон баа 23 пайызга жогорулап,

92-үлгүдөгү бензин 47 сом 90 тыйынды түздү, 95-үлгүдөгү майдын наркы 48 сом 90 тыйынга жетти.

Күйүүчү майдын кымбатташы бир катар факторлорго себеп. алсак, Россияда мунай өндүрүштүн

көлөмүнүн азайышы, ички рыноктогу күйүүчү майдын тартыштыгы жана сомдун долларга карата төмөндөшү.

Мунай ташуучулар союзунун директору Заур Кипкеевдин айтымында, бензинге болгон баа жакынкы аралыкта төмөндөбөйт.

Россиялык жеткирүүчүлөр менен түзүлгөн жаңы келишимге ылайык, бензиндин накта баасы 51 сомго жетти.

Күтүлгөндөй, 1-2 айда күйүүчү май сатуучу жайларда товардын баасы 60 сомго жетиши мүмкүн.