Кыргызстанда болжол менен 3 миллион адам коронавируска каршы эмделет

Кыргызстанда болжол менен 3 миллион адам коронавируска каршы эмделет.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей,

вакцина ала турган адамдын дени сак болушу зарыл. Андыктан, жаран алгач сурамжылоодон жана

медициналык кароодон өткөрүлөт. Пландалгандай эмдөө иштери быйыл ноябрга чейин аяктайт.

Күтүлгөндөй, процедуралар ушул жумада башталат.