Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 1-июндан баштап машыгууларын баштайт.
Команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдиргендей, 30-майда курама
чет өлкөгө учуп кетет. Команда кайсы өлкөгө барары азырынча белгисиз. Эске салсак, 7-15-июнь
аралыгында команда футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын Азия футбол конфедерациясы
аймагындагы тандоо турунун алкагында Япония, Монголия жана Мьянманын командалары менен беттешет.
Өлкө курамасы F тайпасында орун алган. Учурда бизин команда 7 упай менен үчүнчү орунда келе жатат.