Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, демонтаждоо иштери Каркыра, Кадыр Аке,
Леванев, Асаналиев, Түгөлбай-Ата, Армейский, Куйручук көчөлөрүндө,
«Учкун» кичи районунда жана «Ак-Тилек» конушунда аткарылды.
Аталган аймактардагы уруксаты жок орнотулган тосмолор, дубалдар,
дарбазалар, күркө, контейнер жана унаа жуучу жай алынды.
Мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштери уланат.