Баткен облусунун Лейлек районунда жол куруу иштери башталды.
Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, Маргун айылынан Даркум айылына
кеткен жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Андан кийин,
жумуштар Самаркандек — Даркум жолдорунда жүргүзүлөт.
Оңдоп-түзөлө турган унаа жолдун узундугу 44 чакырымды түзөт.
Андан тышкары, Кулунду — Максат — Арка жолунун айрым тилкеси
калыбына келтирилет. Анын узундугу 10 чакырымдан ашат.