Бишкектеги Алтын-Ордо конушу газга туташтырылды

Бишкектеги Алтын-Ордо конушу газга туташтырылды. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти. Калктуу аймакка 25 чакырым газ түтүгү тартылды. Муну менен 1 миң 800 үйгө көгүлтүр от жеткиликтүү болот. Ишканадан белгилешкендей, жыл аягына чейин Көк-Жар жана Рухий-Мурас конуштарын дагы газга кошуу пландалууда. Белгилеп кетсек, ушуну менен… Кененирээк…

Ордо калаа мэриясында кадрдык алмашуулар болду

Ордо калаа мэриясында кадрдык алмашуулар болду. Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка ишке которулганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Эми турак-жай коммуналдык чарба маселеси боюнча биринчи вице-мэр болуп Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Андан тышкары, Максатбек Сазыкулов экономика жана каржы маселеси боюнча вице-мэр болуп бекитилди. Кошумчаласак, Бишкек мэриясында биринчи… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда толук талкаланган үйлөрдү Түркия куруп берет

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда толук талкаланган үйлөрдү Түркия куруп берет. Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Уланбек Калманбетовдун айтымында, мындай абалдагы турак жайлардын саны 136ны түздү. Андан тышкары, окуядан каза тапкан 36 адамдын жакындарына дагы Баткен шаарында өзүнчө 36 турак жай салынууда. Анын чыгымын жеке компаниялар… Кененирээк…

Кыргызстанда июлдун башында сабизге болгон баа төмөндөйт

Кыргызстанда июлдун башында сабизге болгон баа төмөндөйт. Кийинки айда түшүм жыйноо башталат, андан улам  учурда кымбаттап жаткан айрым продукциялар арзандайт. Баалардын тез көтөрүлгөнү мезгилдик гана көрүнүш, — деп билдирди айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу. Анын айтымында, сабиз айдалган… Кененирээк…

Бишкектеги Мессарош көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкектеги Мессарош көчөсү Дэн-Сяопин проспектисинен Жамгырчиновго чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей, калыбына келтирүү иштеринен кийин унаалар жүргөн жолдун туурасы 11,5 метрге чейин жетет. Андан тышкары, ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар түшүрүлөт. Жумуштарды быйыл сентябрдын аягына чейин бутүрүү пландалууда. Ал эми альтернатив катары Шиш-Дөбө жана… Кененирээк…

Кыргызстандыктар Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортунан Россиянын 7 шаарына уча алышат

Кыргызстандыктар Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортунан Россиянын 7 шаарына уча алышат. «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришкендей, каттамдар чартердик рейс аркылуу уюштурулат. Алсак, дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин, бир гана бейшембини эске албаганда Москва, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону, Минеральные Воды, Уфа, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларына учактар каттайт. Белгилеп кетсек, каттамдарда өзгөрүүлөр… Кененирээк…

Нарын облусунда 70 орундуу жаңы инфекциялык оорукана пайда болду

Нарын облусунда 70 орундуу жаңы инфекциялык оорукана пайда болду. “Кабарга” саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык мекеме эртең ачылат. Учурда курулуш иштери аяктады, ал бейтаптарды кабыл алууга толук даяр. Объекти Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагында жайгашат. Эске салсак, курулуш иштери былтыр августта башталган.

Баткенди калыбына келтирүүгө 700 миллион сом бөлүнөт

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган аймакты калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 700 миллион сом бөлүнөт. Экономика жана каржы министринин орун басары Айдин Шаршеев билдиргендей, бүгүнкү күндө сууну, жарык берүү жана жолдорду калыбына келтирүүгө 200 миллион сом бөлүнүп берилди. Ал эми талкаланган үйлөрдүн курулушу жеке сектордун эсебинен каржыланат.… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 933 миллион долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 933 миллион долларга жетти. Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, сумманын басымдуусу тышкы, азыраагы ички бересе. Тышкы карыздын 1 миллиард 700 миллион доллары Кыйтайдын Эксим банкына туура келет. Насыянын көбү Бишкек ЖЭБи, “Түндүк- Түштүк” альтернативалык жолу жана “Датка-Кемин” электр чубалгысы долбоорлорун… Кененирээк…

Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды

Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Кырсыкка себепкер катары автогаз куюу жайынын директору менен инженери тергөө учурунда эки айга камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай… Кененирээк…