Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда толук талкаланган үйлөрдү Түркия куруп берет

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда толук талкаланган үйлөрдү Түркия куруп берет.

Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Уланбек Калманбетовдун айтымында,

мындай абалдагы турак жайлардын саны 136ны түздү. Андан тышкары, окуядан каза тапкан

36 адамдын жакындарына дагы Баткен шаарында өзүнчө 36 турак жай салынууда.

Анын чыгымын жеке компаниялар көтөрөт. Ошондой эле Баткенге жардам көрсөтүү

максатында ачылган атайын эсепке 115 миллион сом чогулду. Каражат кайсы

багытта колдонулат, облус жетекчилиги чечет.