Бишкектеги Мессарош көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкектеги Мессарош көчөсү Дэн-Сяопин проспектисинен Жамгырчиновго

чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей,

калыбына келтирүү иштеринен кийин унаалар жүргөн жолдун туурасы

11,5 метрге чейин жетет. Андан тышкары, ирригациялык лотоктор орнотулуп,

тротуар түшүрүлөт. Жумуштарды быйыл сентябрдын аягына чейин бутүрүү пландалууда.

Ал эми альтернатив катары Шиш-Дөбө жана Сельсовет көчөлөрү сунушталат.