Кыргызстандан Грузиянын туристтик шаарына аба каттам ачылат
Кыргызстандан Грузиянын туристтик шаарына аба каттам ачылат. Өлкөнүн экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава билдиргендей, 18-июлдан тартып Бишкек – Батуми чартердик каттамы уюштурулат. Учактар ноябрга чейин жумасына бир ирет каттайт. Белгилеп кетсек, учурда Батумиге каттамдын жадыбалы чыга элек.