Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинасынын келиши эмнеден кечигип жатканы айтылды

Кыргызстанга «COVAX» программасынын алкагында  «AstraZeneca» вакцинасынын келиши кечигип жатканы Индиядагы эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу. Бул тууралуу Республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишщенапысова билдирди. Анын айтымында, вакцина биздин өлкөгө былтыр сентябрда эле жеткирилмек. Бирок препараттын терс натыйжасы тууралуу маалыматтардан улам Кыргызстан процессти убактылуу токтоткон. Кооптулук четке… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июнда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу, эртең мененки саат 10:00дөн 17:00гө чейин Пионерский, Ж.Бакиев, Озёрный, Токтогул 44, 44а, 46,48, Барпы Сейил, Шопоков 34, 36, 40, 42, 44, 46,… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 360 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 360 адам ковидди жеңип чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, айыккандардын басымдуусу Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда. Ушуну менен өлкө боюнча коронавирус жана пневмониядан сакайгандардын саны 105 миң 410 адамга жетти.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Билим берүү мекемеси Кызыл-Ата айылында жайгашат. Объекти 2 кабаттуу жана ал 225 окуучуга чакталат. Мекмеде балдардын билим алышына бардык заманбап шарттар тузүлдү. Курулуш иштерине 69 миллион сом багытталды. Каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берди. Белгилеп кетсек, аймактагы… Кененирээк…

Кайра өтө турган шайлоого карата үгүттөө өнөктүгү старт алды

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерди кайра шайлоого карата үгүттөө өнөктүгү старт алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 18, Ошто 9 жана Токмокто 6 саясий уюм ат салышат. Агитация 10-июль, эртең мененки саат 8ге чейин созулат. Ал эми шайлоонун өзү 11-июлга… Кененирээк…

Кытайда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 1 миллиард 10 миллиондон ашты

Кытайда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 1 миллиард 10 миллиондон ашты. Учурда эмдөө 31 аймакта жүрүп жатат, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Кытай жыл аягына чейин калктын 80 пайызын эмдөө ниетинде. Белгилеп кетсек, Кытай COVIDге каршы өзү ойлоп тапкан 6-вакцинаны жактырды. Ал эми бидин өлкөгө… Кененирээк…

Ордо калаанын бир катар көчөлөрүнө электроэнергиясы берилбейт

Ордо калаанын бир катар көчөлөрүнө электроэнергиясы берилбейт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Лулумба, Сельсовет, Месарош, Керамический жана Широкий көчөлөрүндө, «Арча-Бешик», «Ала-Арча», «Чон-Арык», «Ала-Тоо» жана «Ак-Ордо» конуштарында жарык чектелет. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Араван районунун Төө-Моюн айылында түшүм жыйноо башталды

Араван районунун Төө-Моюн айылында түшүм жыйноо башталды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкулчүлүгүнөн билдиришкендей, жылына эки жолу түшүм алган райондо ири алча, шабдаалы, кара өрүк, дарбыз, коон, буудай эгилет. Бүгүнкү күндө  “Найман” суу сактагычы аркылуу жана 10го жакын скважина менен аянттар сугарылат. Бул багытта койгөйлөр жок, иштер… Кененирээк…

Бишкектиктер ковидге каршы вакцина алуу үчүн онлайн кезекке турса болот

Бишкектиктер ковидге каршы вакцина алуу үчүн онлайн кезекке турса болот. Мэриядан билдиришкендей, vc.emed.gov.kg. сайтына баш багып, “электрондук кезек” бөлүмүнө кирип керектүү маалыматтарды толтуруу керек. Андан кийин смартфонго электрондук кезек күтүүнүн талонун көчүрүү зарыл. Мындай чара эмдөө учурундагы адамдардын байланыштын азайтып, вирустун тарашын төмөндөтөт. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Токиодо Олимпиада объектилерине экскурсия кылууга тыюу салынды

Токиодо Олимпиада объектилерине экскурсия кылууга тыюу салынды. Калаа  губернатору Юрико Коике жарыялагандай, экскурсияга багытталган жайлар вакцина ала турган жер катары колдонулат. Мындай чара коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында көрүлүп жатат. Эске салсак, былтыр пандемиядан улам Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары токтотулган. Эми спорттук мелдеш… Кененирээк…